«Кыялымдагы Кыргызстан – Ысык-Көл» форумунда райондун таланттуу жаштары таанылды

2025-жылдын 20-октябрында Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусунун ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүн, райондук мамлекеттик администрациялардын, шаардык мэриялардын, Кыргызстан Жаштар кыймылынын уюштуруусунда Каракол шаарында «Кыялымдагы Кыргызстан – Ысык-Көл» жаштар форуму болуп өттү, форумга район башчысынын орун басары жана райондогу мыкты 390 жаштар катышты. Форумдун алкагында дил баян жазуу, волейбол, футбол оюндары боюнча мелдеш өтүп, райондун волейбол боюнча Киров мектебинин кыздар командасы 3-орунга, футбол боюнча Алышбаев, Мамакеев, Субанбеков мектептеринин курама командасы 3-орунга ээ болушту. Бул күнү облустагы 100 лидердин катарына кирген райондун мыкты 8 жаштары панелдик талкууга жана практикалык семинарга катышып, мыкты көрүнүктүү инсандардан мотивация алышып, жаштардын Кыргыз Республикасынын Президентине кайрылуусун даярдашты, эстрада ырчыларынын концерттик программасына күбө болушту. Уюштуруу иштерине демилгелүү катышкан райондун жаштарына район башчысынын атынан ыраазычылыктар тапшырылды. К.Досманбетова атындагы райондук музыкалык мектептин жана Алышбаев атындагы жалпы орто билим берүү мектебинин окуучулары «Маш ботой» күүсүн элге тартуулашты.

Leave a Reply