«Боз-Салкын» элдик ыр-бий ансамблине 45 жыл.
2026-жылдын 18-ноябрында А.Атабаев атындагы райондук маданият үйүндө Маданият кызматкерлеринин кесиптик күнү жана «Боз-Салкын» элдик ыр-бий ансамблинин 45 жылдык мааракеси болуп өттү. Иш чарага район башчысы-аким К.А.Калдаралиев, орун басары, райондук түзүмдөрдүн жетекчилери, айылдык кеңештин төрагалары, айыл өкмөт башчылары, маданият тармагынын кызматкерлери жана 45 жыл аралыгында эмгектенип кеткен ансамблдин ырчы, бийчилери катышты.…