Билим – келечекке жол ачкан алтын ачкыч!

Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги тарабынан 12 жылдык билим берүү программасын ийгиликтүү ишке ашыруу жана билим берүүнүн сапатын жогорулатуу максатында Ак-Суу районуна олуттуу колдоо көрсөтүлдү. Райондук билим берүү бөлүмүнүн кайрылуусунун негизинде Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинен келген акыркы үлгүдөгү 3 панелдүү смарт доска, 3 ноутбук жана 10 компьютер билим берүү мектептерине бөлүштүрүлдү. Атап айтканда, Ж. Алышбаев, Ж.…

Толук окуу…

Билим берүүдөгү жаңы кадам — келечекке бекем пайдубал!

Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги тарабынан 12 жылдык билим берүү программасын ийгиликтүү ишке ашыруу, ошондой эле билим берүүнүн сапатын жогорулатуу максатында Ак-Суу районуна олуттуу колдоо көрсөтүлдү. Аталган демилгенин алкагында, тендер аркылуу 1 000 000 (бир миллион) сом өлчөмүндөгү каражат бөлүнүп, районубуздун жалпы билим берүү мектептерине STEM багытындагы сабактар үчүн заманбап көргөзмө куралдар сатылып алынды. Натыйжада:Ак-Суу району боюнча 33 жалпы…

Толук окуу…

МУЗЫКАЛЫК МЕКТЕПТИН АЧЫЛЫШЫ

2025-жылдын 25-декабрында Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровдун катышуусу менен республика аймагындагы социалдык мекемелер жана өндүрүш ишканалары онлайн түрдө ачылды, анын катарында Ак-Суу айылында К.Досманбетова атындагы балдар музыкалык мектеби да ачылды. Иш чарага район башчысынын орун басары Г.К.Суранчиева, тиешелүү мекемелердин жетекчилери, мектептин мугалимдери, айыл тургундары катышты. Балдар музыкалык мектептин курулушу 2023-жылы башталып…

Толук окуу…

НОВО-КОНСТАНТИНОВКА АЙЫЛЫНДАГЫ АЙЫЛДЫК ЭМКАНА ИШКЕ БЕРИЛДИ.

2025-жылдын 25-декабрында Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровдун катышуусу менен республика аймагындагы социалдык мекемелер жана өндүрүш ишканалары онлайн түрдө ачылды, анын катарында Ново-Константиновка айылындагы айылдык эмкана ишке берилди. Иш чарага райондук мамлекеттик администрациянын аппарат жетекчиси А.Карыпбеков, Кыдыр Аке жериликтүү кеңештин төрагасы Б.Акунов, айыл тургундары катышты. Аталган эмкананы 2023-жылы курууга проект даярдалып, АРИСтин
“Айылды инвестициялоо-3” долбоорунун кошумча каржылоосуна ылайык айылдардан аныкталган көйгөйлөрдү тандоо менен долбоор жактырылып, “Айдос сервис” ЖЧКсы тарабынан жалпы 5,5 млн сомго курулуп бүткөрүлдү. Анын ичинен АРИСтин каржылоосу 3,7 млн сом, жергиликтүү бюджеттен 1,8 млн сом.

Ак-Суу районунда окуучулар үчүн сапаттуу билим берүү шарттары түзүлүүдө.

Ак-Суу райондук мамлекеттик администрация башчысынын демилгеси менен заманбап билим берүү технологияларын киргизүүгө жана окуучулар үчүн сапаттуу окуу шарттарын түзүү максатында Советское айылындагы Кызыл-Кыя жалпы орто билим берүү мектебине райондук өнүктүрүү фонддун каржылоосу менен 8 даана компьютерлер белекке берилди. Официалдуу түрдө компьютерлерди 2025-жылдын 24-декабрында район башчысынын орун басары Г.Суранчиева, Хан-Теңири айыл…

Толук окуу…

МУНИЦИПАЛДЫК ИШКАНАЛАРГА ТЕХНИКА ТАПШЫРЫЛДЫ.

Кыдыр Аке айыл аймагынын инфраструктурасын жакшыртуу, айыл чарба, тазалык жана коммуналдык кызматтардын сапатын жогорулатуу максатында алынган жаңы техникалар 2025-жылдын 6-декабрында айыл аймактын муниципалдык ишканаларына тапшырылды. Иш чарага район башчысынын орун басары Г.Суранчиева, райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Б.Акмолдоев, Кыдыр Аке айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Кобонбаев, жергиликтүү кеңештин төрагасы Б.Акунов, айыл аймактын…

Толук окуу…