Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги тарабынан 12 жылдык билим берүү программасын ийгиликтүү ишке ашыруу жана билим берүүнүн сапатын жогорулатуу максатында Ак-Суу районуна олуттуу колдоо көрсөтүлдү. Райондук билим берүү бөлүмүнүн кайрылуусунун негизинде Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинен келген акыркы үлгүдөгү 3 панелдүү смарт доска, 3 ноутбук жана 10 компьютер билим берүү мектептерине бөлүштүрүлдү.
Атап айтканда, Ж. Алышбаев, Ж. Асаналиев жана Ж. Ашубаев атындагы жалпы билим берүү мектептерине панелдүү смарт доскалар жана ноутбуктар тапшырылса, ал эми Ү. Калиев жана Ж. Субанбеков атындагы жалпы билим берүү мектептерине 5тен компьютер берилди. Аталган техникалык каражаттарды райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Бекжигит Мирбек уулу расмий түрдө тапшырып, билим берүү тармагындагы жетишкендиктерге жана алдыдагы иштерге ийгилик каалады.
Бул колдоолор 12 жылдык билим берүүгө өтүүнүн алкагында окуу процессин жаңылоого, окуучулардын аналитикалык ой жүгүртүүсүн, изилдөөчүлүк жөндөмүн жана санариптик сабаттуулугун өнүктүрүүгө өбөлгө болууда. «Бүгүн берилген билим – эртеңки мамлекеттин пайдубалы» дегендей, заман талабына жооп берген шарттар келечек муундун сапаттуу билим алышына багытталууда.
Ошондой эле окуу жыл башында Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги тарабынан мугалимдерге берилген «Алтын казык» бренддеги ноутбуктар районубуздун билим берүү тармагында санарип доордун жаңы барагын ачты. Тактап айтканда, СТЕМ багытындагы 264 мугалимге жана англис тили мугалимдерине 99 даана ноутбук бөлүнүп, райондогу 33 мектепке өз убагында берилип колдонулууда. Бул демилге мугалимдердин кесиптик ишмердүүлүгүн жаңы деңгээлге көтөрүп, заманбап сабактарды өтүүгө жана санарип кампаны активдүү колдонууга кеңири мүмкүнчүлүк түздү. Анткени
«Билим – бул мугалимдин колундагы шам чырак, ал келечекке жол көрсөтөт».
«Билим – бул мугалимдин колундагы шам чырак, ал келечекке жол көрсөтөт».






