МУНИЦИПАЛДЫК ИШКАНАЛАРГА ТЕХНИКА ТАПШЫРЫЛДЫ.
Кыдыр Аке айыл аймагынын инфраструктурасын жакшыртуу, айыл чарба, тазалык жана коммуналдык кызматтардын сапатын жогорулатуу максатында алынган жаңы техникалар 2025-жылдын 6-декабрында айыл аймактын муниципалдык ишканаларына тапшырылды. Иш чарага район башчысынын орун басары Г.Суранчиева, райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Б.Акмолдоев, Кыдыр Аке айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Кобонбаев, жергиликтүү кеңештин төрагасы Б.Акунов, айыл аймактын…