Ири ишкананын түптөлүшүнө мезгил кутучасы салынды.

2025-жылдын 25-октябрында Ак-Суу районунун Алтын Арашан айыл аймагынын территориясында катуу тиричилик калдыктарын утилдештирүү менен электр энергиясын өндүрүү боюнча эко-технологиялык заводдун курулушуна мезгил кутучасы салынды. Иш чарага Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын жетекчиси Адылбек Касымалиев, Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү Б.Жетигенов, Ак-Суу, Түп, Жети-Өгүз райондорунун, Каракол шаарынын жетекчилери жана Кытай мамлекетинин инвесторлору, райондордон келген меймандар катышты. Аталган долбоор быйылкы жылы райондогу ири долбоордун бири болуп саналат, аймактагы таштанды калдыктарын иштетүү менен жашыл энергия өндүрүшүн өнүктүрүүгө, экологиялык коопсуздукту камсыздоого жана калктын жашоо шартын жакшыртууга өз салым кошот. Долбоорду «Хунань Цзюньсинь Хуаньбао» жоопкерчилиги чектелген коом ишке ашырат.

Leave a Reply