Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги тарабынан 12 жылдык билим берүү программасын ийгиликтүү ишке ашыруу, ошондой эле билим берүүнүн сапатын жогорулатуу максатында Ак-Суу районуна олуттуу колдоо көрсөтүлдү.
Аталган демилгенин алкагында, тендер аркылуу 1 000 000 (бир миллион) сом өлчөмүндөгү каражат бөлүнүп, районубуздун жалпы билим берүү мектептерине STEM багытындагы сабактар үчүн заманбап көргөзмө куралдар сатылып алынды.
Натыйжада:
Ак-Суу району боюнча 33 жалпы билим берүү мектебине сапаттуу, заманбап жана инновациялык көргөзмө куралдар жеткирилип, учурда билим берүү процессинде активдүү пайдаланууга берилди.
Ак-Суу району боюнча 33 жалпы билим берүү мектебине сапаттуу, заманбап жана инновациялык көргөзмө куралдар жеткирилип, учурда билим берүү процессинде активдүү пайдаланууга берилди.
Бул куралдар:
окуучулардын логикалык ой жүгүртүүсүн өнүктүрүүгө,
практикалык көндүмдөрүн калыптандырууга,
илимге, технологияга жана изилдөөгө болгон кызыгуусун арттырууга чоң өбөлгө түзөт.
STEM багытындагы мындай мүмкүнчүлүктөр окуучуларды заман талабына ылайык ой жүгүрткөн, чыгармачыл жана атаандаштыкка жөндөмдүү инсан катары тарбиялоого багытталган.
Билимге салынган инвестиция — өлкөнүн келечегине салынган инвестиция!
Бул демилге билим берүү тармагындагы оң өзгөрүүлөрдүн башаты болуп, келечек муун үчүн кеңири мүмкүнчүлүктөрдү ачарына ишеним чоң.
Бул демилге билим берүү тармагындагы оң өзгөрүүлөрдүн башаты болуп, келечек муун үчүн кеңири мүмкүнчүлүктөрдү ачарына ишеним чоң.




