Баткен согушунда курман болгон жоокерлердин элесине арналган эскерүү иш чарасы өттү.

2025-жылдын 28-октябрында 1999-2000-жылдары Баткен жергесинде болгон окуяны эскерүү иш чарасы өткөрүлдү. Иш чара Ак-Суу айылындагы Баткен согушунда курман болгон жоокерлердин жаркын элесине арналып коюлган эстеликтин алдына гүл чамбарлар коюлуп, асманга ок атылып, курман болгондордун жаркын элесине арналып куран окулду. Иш чарага райондук мамлекеттик администрация башчысынын орун басары Г.Суранчиева, райондук ардагерлер…

Толук окуу…

Ири ишкананын түптөлүшүнө мезгил кутучасы салынды.

2025-жылдын 25-октябрында Ак-Суу районунун Алтын Арашан айыл аймагынын территориясында катуу тиричилик калдыктарын утилдештирүү менен электр энергиясын өндүрүү боюнча эко-технологиялык заводдун курулушуна мезгил кутучасы салынды. Иш чарага Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын жетекчиси Адылбек Касымалиев, Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү Б.Жетигенов, Ак-Суу, Түп, Жети-Өгүз…

Толук окуу…

«Кыялымдагы Кыргызстан – Ысык-Көл» форумунда райондун таланттуу жаштары таанылды

2025-жылдын 20-октябрында Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусунун ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүн, райондук мамлекеттик администрациялардын, шаардык мэриялардын, Кыргызстан Жаштар кыймылынын уюштуруусунда Каракол шаарында «Кыялымдагы Кыргызстан – Ысык-Көл» жаштар форуму болуп өттү, форумга район башчысынын орун басары жана райондогу мыкты 390 жаштар катышты. Форумдун алкагында…

Толук окуу…

Ак-Суу районунда жолдор асфальтталып, социалдык объектилер оңдолууда.

Райондук мамлекеттик администрация тарабынан райондогу көйгөйлөрдү аныктоо менен быйылкы жылга 113,0 млн сом акча каражаты райондук өнүктүрүү фондусунан бөлүнүп, бир катар обьектилер капиталдык ремонттон өтүүдө жана айылдардын ички жолдору асфальтталууда. Алардын катарында Кыдыр Аке айыл өкмөтүндө төмөндөгү иштер аткарылууда: – Ак-Суу айылында Шапак Баатыр көчөсүнүн төмөн жагына 500 метрге асфальт…

Толук окуу…

КУРБУ АЙЫЛЫНА 100 ЖЫЛ.

2025-жылдын 5-октябрында Курбу айылынын 100 жылдыгы белгиленди. Айыл тургундары тарабынан майрамдык иш чара өткөрүлүп, боз үйлөрдүн жана улуттук тамак-аштын сынагы өткөрүлдү. Алгач, Ч.Осмонов атындагы жалпы орто билим берүү мектебинде Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу, Даңк орденинин толук кавалери Ч.Осмоновдун музейи ачылып, куран окутулду. Мындан сырткары футбол, кол күрөш, кыргыз күрөш,…

Толук окуу…

Кары адамдардын батасы кабыл болсун.

Ак-Суу районунда 2025-жылдын 15-сентябрынан 15-октябрына чейин «Улгайган адамдарга кам көрүү айлыгы» жарыяланып, райондун бардык айыл өкмөттөрүндө 1-октябрь Карылар күнүнө карата майрамдык иш чаралар уюштурулуп келүүдө. Бүгүн, 2025-жылдын 2-октябрында район башчысынын орун басары Г.Суранчиева, райондук ардагерлер кеңешинин төрагасы Б.Асангазиев жана Кыдыр Аке айыл аймагынын башчысы Т.Кобонбаев, жергиликтүү кеңештин төрагасы Б.Акунов, айыл…

Толук окуу…

Боз-Булуң айылына 105 жыл

2025-жылдын 30-сентябрында Боз-Булун айылында майрамдык иш чаралар болуп өттү. Айылдын түптөлүшүнүн 105 жылдык мааракеси менен бирге курулушу аяктаган айыл ичиндеги жол, капиталдык оңдоодон өткөн айылдык клуб, спорттук зал ишке берилди. Иш чарага район башчысы -аким К.А.Калдаралиев жана айыл тургундары катышты.

Толук окуу…

Ө.Ишенбеков атындагы бала бакчада кошумча тайпа ачылышы

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 10-майындагы №229-т тескемесин ишке ашыруу максатында Ак-Суу районунда 2025-жылдын 25-сентябрында Ак-Суу айылынын Ө.Ишенбеков атындагы бала бакчада 30 баланы камтыган кошумча 1 тайпа ишке кирди. Баса белгилей кетүүчү нерсе, 2024-жылы да 1-этап менен 2 бала бакчада 2ден тайпа ачылып, 90 бала кошумча камтылган. Бала бакчада тайпаларды…

Толук окуу…

Шайлоо системасындагы өзгөрүүлөр боюнча жыйын

Шайлоо системасына өзгөртүүлөр киргендигине байланыштуу 2025-жылдын 24-сентябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын өкүлү У.Жылкыбаевдын катышуусунда Ак-Суу райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким К.А.Калдаралиевдин жетекчилигинде жыйын болуп өттү. Жыйынга Ысык-Көл, Түп, Каракол, Ак-Суу АШКаларындагы атайын өкүлү, Ак-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы, системдик администратор, айыл өкмөт башчылары, орун-басарлары-жооптуу катчылар, жергиликтүү…

Толук окуу…

Укук бузуулардын алдын алуу боюнча Ак-Суу райондук Координациялык комиссиянын отуруму

Укук бузуулардын алдын алуу боюнча Ак-Суу райондук Координациялык комиссиянын отуруму район башчысы-аким К.А.Калдаралиевдин жетекчилигинде болуп өттү. Отурумга район башчысынын орун басары Г.Суранчиева, райондун прокурору А.Ормошов, райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы Д.Аманов, тиешелүү түзүмдөрдүн жетекчилери, айыл өкмөт башчылары, айыл башчылар катышты. Күн тартибинде 2 маселе каралды: 1. Ак-Суу районун аймагында жол…

Толук окуу…