ФУТБОЛ БОЮНЧА ТУРНИР

Кыргыз Республикасынын Президентинин «2024-2034-жылдарга футболду андан ары өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгына ылайык 2025-жылдын 20-сентябрында футбол боюнча Ак-Суу райондук мамлекеттик администрация башчысы-акимдин кубогу болуп өттү. Район боюнча жалпы 16 команда катышып, 1-орунга Ак-Суу, 2-орунга Бөрү -Баш, 3-орунга Ардагерлер, 4-орунга Ичке-Жергез командалары ээ болушту. Байге фондусу райондук мамлекеттик администрациядан каралган. Иш…

Толук окуу…

Дүйнөлүк тазалык күнүнө карата «Таза Ак-Суу» экологиялык акциясы

2025-жылдын 20-сентябрында Дүйнөлүк тазалык күнүнө карата «Таза Ак-Суу» экологиялык акциясы Ак-Суу районунун бардык айылдарында уюшкандыкта өткөрүлдү. Ар бир менчигинин түрүнө карабастан мекеме, ишкананын жана айыл өкмөттөрүнүн кызматкерлери, айыл тургундары ишембиликке чыгып, короо-жайларды, көчөлөрдү, сейил бактарды, коомдук жайларды, имараттардын тегерегин, автоунаа жолдордун жээгин, айылдарды тазалоого активдүү катышып, таштандыларды жыйнап, тазалыкка өз…

Толук окуу…

Бөрү-Баш айылынын тургундары менен жолугушуу

   2025-жылдын 12-сентябрында Ак-Суу райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким К.А. Калдаралиев Бөрү Баш айыл тургундары менен жогулушту. Жолугушууда айыл тургундарынын көйгөйлөрү талкууланды.

Толук окуу…

Таза суу маселеси

        2025-жылдын 11-сентябрында Ак-Суу мамлекеттик администрация башчысы – аким К.А.Калдаралиевдин жетекчилиги менен жыйын болуп өттү. Жыйынга айыл чарба министирлигинин башкы адиси,Ак-Суу районунун куратору Мамбеталиев Жумабек, Ак-Суу агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Б.Б. Акмолдоев , Суу чарба башкармалыгынын башчысы Н.Т. Калиев, Ак-Суу райондук ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча башкармалыгынын башчысы…

Толук окуу…

Ак-Сууда таза суу киргизүү иштери жүрүп жатат

      Ак-Суу айылында таза суу киргизүү боюнча реконструкциялык иштер уланууда. Бул долбоордун алкагында жалпы беш суу сактагыч курулуп жатат. Учурда айылга таза суу эски резервуар аркылуу берилүүдө. Таза суу системасы толугу менен ноябрь айында пайдаланууга берилет. Жаңы курулуштар толук ишке киргенден кийин, айыл тургундары туруктуу жана сапаттуу таза…

Толук окуу…

Көлдүн жээгинде ишембилик

2025-жылдын 4-сентябрында Ак-Суу районунун Бирдиктүү коопсуздук кызматынын курамына кирген мекеме-уюмдардын жана Алтын Арашан айыл өкмөтүнүн кызматкерлеринин катышуусунда көл жээги ирээтке келтирилди.

Толук окуу…

ЖАРЫЯ КОНКУРС!!!

ЖАРЫЯ КОНКУРС!!! Ак-Суу райондук мамлекеттик администрациясы мамлекеттик жарандык кызмат орундарынын башкы   жана кенже  административдик кызмат  орундарына  кадрлар  резервине  киргизүүгө  ачык  конкурс  жарыялайт. Административдик кызматтардын башкы топтору үчүн: 1)Кыргыз  Республикасынын  Конституциясы; 2)“Кыргыз  Республикасынын  Министрлер  Кабинети  жөнүндө” Кыргыз Республикасынын  Конституциялык  Мыйзамы; 3) Кыргыз Республикасынын  Эмгек  Кодекси; 4)“Жарандардын  кайрылууларын  кароо  тартиби  жөнүндө” Кыргыз…

Толук окуу…

23-июнь мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин кесиптик күнү

23-июнь мамлекеттик жана муниципал кызматкерлердин кесиптик күнүнө карата райондук деңгээлде майрамдык иш чара болуп өттү. Иш чарада район башчысы – аким К.А Калдаралиев куттуктап, алдынкы кызматкерлерге сыйлыктарды тапшырды. «Боз-Салкын” элдик ыр-бий ансамбли тарабынан концерттик программа тартууланды.

Толук окуу…

Таштанды өрттөөчү завод

                              Бүгүнкү күндө эң чоң көйгөйлөрдүн бири таштандыларды жок кылуу мезгилдин талабы болгондуктан Ак-Суу районунда таштандыны кайра иштетүү маселеси көтөрүлгөн . Бул максатты ишке ашырууда таштандыны өрттөчү завод кура турган инвесторлор менен жолугушуп, сүйлөшүү жүргүзүлгөн учурда алгач…

Толук окуу…

Кыргыз Республикасынын Ички Иштер министрлигинин Ысык-Көл облусундагы ардагерлер арасындагы спорттук мелдеш

Кыргыз Республикасынын Ички Иштер министрлигинин Ысык-Көл облусундагы ардагерлер арасындагы спорттук мелдеш Ак-Суу районунда өткөрүлүүдө. Район, шаарлардан келген 8 команда катышып, шахмат, стол тенниси, волейбол, аркан тартыш оюндары боюнча таймаш өткөрүлдү.

Толук окуу…