2026-жылдын 18-ноябрында А.Атабаев атындагы райондук маданият үйүндө Маданият кызматкерлеринин кесиптик күнү жана «Боз-Салкын» элдик ыр-бий ансамблинин 45 жылдык мааракеси болуп өттү. Иш чарага район башчысы-аким К.А.Калдаралиев, орун басары, райондук түзүмдөрдүн жетекчилери, айылдык кеңештин төрагалары, айыл өкмөт башчылары, маданият тармагынын кызматкерлери жана 45 жыл аралыгында эмгектенип кеткен ансамблдин ырчы, бийчилери катышты. Райондук мамлекеттик администрация тарабынан сыйлыктар тапшырылды. «Боз-Салкын» элдик ыр-бий ансамблинин чоң программадагы отчеттук концерти 2026-жылдын 23-ноябрында Бишкек шаарында Т.Сатылганов атындагы Кыргыз мамлекеттик филармониясында элге тартууланмакчы.
Веб сайттан издөө
-
Акыркы документтер
- Президент Садыр Жапаров мамлекеттик органдардын жетекчилерине жарандардын көйгөйлөрүн иш жүзүндө чечүүнү тапшырды
- «Ысык-Көл ынтымагы» кыз-келиндер арасында облустук мелдеш өткөрүлдү.
- «Боз-Салкын» элдик ыр-бий ансамблине 45 жыл.
- Кезектеги V Элдик Курултайдын делегаттары менен жолугушуу өткөрүлдү
- «Жыргалан ГЭС» чакан гидроэлектр станциясынын салтанаттуу ачылыш аземи болуп өттү.
Жаңылыктар календары
Пайдалуу шилтемелер:
Материалдар архиви









