2025-жылдын 28-октябрында 1999-2000-жылдары Баткен жергесинде болгон окуяны эскерүү иш чарасы өткөрүлдү. Иш чара Ак-Суу айылындагы Баткен согушунда курман болгон жоокерлердин жаркын элесине арналып коюлган эстеликтин алдына гүл чамбарлар коюлуп, асманга ок атылып, курман болгондордун жаркын элесине арналып куран окулду. Иш чарага райондук мамлекеттик администрация башчысынын орун басары Г.Суранчиева, райондук ардагерлер кеӊешинин төрагасы Б.Асангазиев, райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы Д.Аманов, Кыдыр Аке жергиликтүү кеңешинин төрагасы Б.Акунов, Кыдыр Аке, Хан-Теңири, Каракол айыл өкмөттөрүнүн башчылары Т.Кобонбаев, С.Бараканов, Н.Арипов, Алтын Арашан айыл өкмөтүнүн бөлүм башчысы, райондук мекеме жетекчилери жана кызматкерлери, Баткен согушунун ардагерлери катышты. Райондук мамлекеттик администрация, айыл өкмөттөрү тарабынан материалдык жардамдар көрсөтүлдү.
Белгилей кетсек, Баткен согушуна Ак-Суу районунан 122 жердештерибиз катышып, алардын үчөө набыт болгон. Алар Зындан айылынан Турдубеков Урмат, Шапак айылынан Букарбаев Түгөлбай, Жаӊы-Арык айылынан Эсенбеков Ишенаалы. Аскердик милдетин каармандык менен аткарган бардык мекендештерибиздин эрдигине баш ийип, аларга урматыбызды билдиребиз!





