Ак-Суу районунда жолдор асфальтталып, социалдык объектилер оңдолууда.

Райондук мамлекеттик администрация тарабынан райондогу көйгөйлөрдү аныктоо менен быйылкы жылга 113,0 млн сом акча каражаты райондук өнүктүрүү фондусунан бөлүнүп, бир катар обьектилер капиталдык ремонттон өтүүдө жана айылдардын ички жолдору асфальтталууда. Алардын катарында Кыдыр Аке айыл өкмөтүндө төмөндөгү иштер аткарылууда:
– Ак-Суу айылында Шапак Баатыр көчөсүнүн төмөн жагына 500 метрге асфальт төшөлүп, көчөнүн жогору жагына тратуар салуу жана асфальт төшөө иштери жасалып баштады, жалпы сумма 20069,6 миң сом,
– Ак-Суу айылынын Ленин көчөсүнүн төмөн жагына 500 метрге асфальт төшөлдү, 5133,7 миң сом каражат жумшалды,
– Ак-Суу айылынын Киров атындагы жалпы орто билим берүү мектебинин капиталдык ремонт иштери башталды, жалпы наркы 479,5 мин сом,
– Кереге-Таш айылындагы Өмүралы көчөсүн асфальттоо иштерине даярдык көрүлүп жатат, жалпы наркы 7909,4 миң сом,
– Эңилчек айылындагы бала бакчанын капиталдык ремонту 808,1 миң сомго жүргүзүлүп жатат.
бакчанын

Leave a Reply