КУРБУ АЙЫЛЫНА 100 ЖЫЛ.

2025-жылдын 5-октябрында Курбу айылынын 100 жылдыгы белгиленди. Айыл тургундары тарабынан майрамдык иш чара өткөрүлүп, боз үйлөрдүн жана улуттук тамак-аштын сынагы өткөрүлдү. Алгач, Ч.Осмонов атындагы жалпы орто билим берүү мектебинде Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу, Даңк орденинин толук кавалери Ч.Осмоновдун музейи ачылып, куран окутулду. Мындан сырткары футбол, кол күрөш, кыргыз күрөш, аркан тартыш, көк бөрү боюнча спорттук мелдештер өткөрүлдү. Иш чарага район башчысы-аким К.А.Калдаралиев, Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн катышып, көп жылдык үзүрлүү эмгектенген инсандарга сыйлыктарды тапшырышты. Иш чараны «Боз-Салкын» элдик ыр-бий ансамбли коштоду.

Leave a Reply