Кыргыз Республикасынын Президентинин тапшырмасы менен Эңилчек айылына чейин жол куруу иштери башталды. Эңилчек айылына чейин узундугу 105 км, анын ичинен Чоң-Ашуудан 7 км болгон тунель салынат. Ак-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким К.А. Калдаралиев жол куруучу Кытай мамлекетинин компаниясы менен Эңилчек айылынын эли менен жолукту. Айыл тургундарына жол куруу иштери боюнча маалымат берилди. Андан тышкары аймактын социалдык-экономикалык абалы, инфраструктураны өнүктүрүү жана калктын жашоо шартын жакшыртуу боюнча маселелер талкууланды. Жергиликтүү тургундар өз сунуш-пикирлерин билдиришти. Акимдин тапшырмасы менен айылдын бала бакчасын ишке киргизүү үчүн райондук өнүктүрүү фондунун эсебинен 800,0 миң сом акча каражаты бөлүнүп, бала бакча жакынкы арада ишке берилет.
Веб сайттан издөө
-
Акыркы документтер
Жаңылыктар календары
Пайдалуу шилтемелер:
Материалдар архиви




