2025-жылдын 24-ноябрында Ак-Суу айылында жаңы техникаларды тапшыруу менен машина-трактор станциясынын ачылыш аземи болуп өттү. Иш чарага Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Б.Төрөбаев, Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Б.Жетигенов, район башчысы К.Калдаралиев жана район тургундары катышты.
Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н. Жапаровдун 2025-жылдын 23-июлундагы № 196 тескемесине ылайык райондо «Ак-Суу» машина-трактордук станциясы түзүлүп, мамлекеттик каттоодон өткөрүлгөн. Машина-трактордук станцияны түзүүдө Кыдыр Аке айыл өкмөтү тарабынан Ак-Суу айылынан 0,54 га жер аянтын ээлеген мурунку “Сельэнерго” ишканасынын административдик корпусун жана кошумча курулмаларын өткөрүп берген.
Агротехникалык механизациялаштырылган сервистик кызматтардын баасы базар бааларынан төмөн болуп, MTC чарбалык эсепте өзүн өзү каржылайт жана иштеп тапкан акча каражаттарына дагы кошумча айыл чарба техникаларын сатып алып, сервистик кызматтардын түрүн көбөйтөт.
Ак-Суу МТСинин карамагына 60тан ашык айыл чарба техникалары алынат жана бул техникалар Ысык-Көл облусунун Ак-Суу, Түп жана Жети-Өгүз райондорунун айыл чарба субъектерине агротехникалык кызмат көрсөтөт. Бүгүнкү күнү 32 техника алынып келинди жана дагы калган техникалар заводдорго заказ берилип жасалып жатат. МТС негизинен картошка өндүрүүчү дыйкандарыбызга жер кыртышын айдоо, малалоо, үрөндү отургузуу, дарылоо, культивациялоо жана картошканын түшүмүн жыйнап алууда толук механизациялаштырылган сервистик кызмат көрсөтөт.






