Ак-Сууда “Коопсуздук-2026” машыгуулары ийгиликтүү жыйынтыкталды.

2026-жылдын 23-апрелинде “Коопсуздук-2026” биргелешкен командалык-штабдык жана мобилизациялык машыгуулардын алкагында Ак-Суу районунда жыйынтыктоочу иш-чара жогорку деңгээлде уюштурулуп өттү.
Белгиленгендей, машыгуулардын жүрүшүндө бардык кызматтар өздөрүнүн кесипкөйлүгүн көрсөтүп, өзгөчө кырдаалдарда ыкчам жана так иш алып баруу жөндөмдөрүн бекемдешти. Район аймагында коопсуздукту камсыз кылуу, калкты коргоо жана мобилизациялык даярдыкты жогорулатуу боюнча маанилүү тажрыйба топтолду.
Иш-чаранын соңунда Ак-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын кызматкерлерине, ошондой эле машыгууларга жигердүү катышкан резервдик рота мүчөлөрү ыраазычылык каттар жана ардак грамоталар менен сыйланышты. Бул сыйлыктар алардын жоопкерчиликтүү мамилеси,тартиптүүлүгү жана мекен алдындагы милдеттерди так аткарууга кошкон салымы үчүн берилди.  

Leave a Reply