2026-жылдын 31-мартында Ак-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын кичи залында райондун акиминин орун басары Г.Суранчиеванын, райондук прокурордун улук жардамчысы О.Молдобаеванын жана мамлекеттик мекеме-ишканалардын жетекчилеринин, кызматкерлеринин катышуусунда Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 5-июнундагы “2025-2030-жылдарга Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегиясы жөнүндө” №137 Жарлыгы менен бекитилген иш-мерчеми Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 13-февралында кабыл алынган “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Мыйзамы тууралуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Андан сырткары, Кыргыз Республикасынын “Укук бузуулардын алдын алуунун негиздери жөнүндө” жана Кыргыз Республикасынын “Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө” Мыйзамдарынын талаптарынын аткарылышын камсыздоо багытында үй-бүлө мүчөлөрүнө карата жасалган зордук-зомбулуктун алдын алуу жана аныктоо иштерин жүргүзүү тиешелүү мекеме-ишканаларга милдеттендирилди.

