ЖАРЫЯ КОНКУРС!!!

ЖАРЫЯ КОНКУРС!!!
Ак-Суу райондук мамлекеттик администрациясы мамлекеттик жарандык кызмат орундарынын башкы жана улук административдик кызмат орундарына кадрлар резервине киргизүүгө ачык конкурс жарыялайт.
Административдик кызматтардын башкы топтору үчүн:
1. Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети жөнүндө” Конституциялык Мыйзамы;
3. “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы;
4. Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодекси
5. Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамы;
6. Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Мыйзамы;
7. Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамы;
8. Кыргыз Республикасынын “Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө” Мыйзамы;
9. “Маалымат алуу укугу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
10. Кыргыз Республикасынын “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Мыйзамы;
11. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-марттындагы № 120 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама».
Административдик кызматтардын улук топтору үчүн:
1.Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
2. “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы;
3. Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамы;
4. Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Мыйзамы;
5. Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамы;
6. Кыргыз Республикасынын “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Мыйзамы;
7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-марттындагы № 120 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама».
Административдик мамлекеттик кызмат орундарынын бардык топтору үчүн:
1) Кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү.
2) Компьютердик сабаттуулук жана зарыл болгон программалык продуктуларды (Word, Excel) колдоно билүү, анын ичинде төмөнкү билгичтик:
—презентацияларды уюштуруу;
—издөө системаларын колдонуу;
— кызматтык этиканын ченемдерин эске алуу менен социалдык тармактарда туура өз ара аракеттенүү;
— веб-конференц-байланышты уюштуруунун тиркемелерин колдонуу;
— компьютер менен иштөөдө маалыматтык коопсуздуктун гигиенасын сактоо.
Мамлекеттик жарандык кызматтын башкы тобу үчүн коюлуучу квалификациялык талаптар
Ак-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын аппарат жетекчисине коюлуучу квалификациялык талаптар (Б-А)
1. Кесиптик билимдин деңгээли:
– тиешелүү багыттагы жогорку билим: гуманитардык, экономика жана башкаруу, маалымат коопсуздугу, табият таануу илимдери.
2. Иш стажы жана тажрыйбасы:
– жалпысынан 3 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тиешелүү тармактык багыты боюнча тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү 5 жылдан кем эмес иш стажы;
3. Кесиптик компетенттүүлүгү:
Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү тармактагы мыйзамдарды:
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө”, “Электрондук кол тамга жөнүндө”, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Мыйзамы, «Аксакалдар соттору жөнүндө» Мыйзамы, «Жамааттар жөнүндө» Мыйзамы, Кыргыз Республикасынын «Өзгөчө кырдаалдардын классификациясы жана баалоо критерийлери жөнүндө» Мыйзамы;
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 31-январындагы №17 Жарлыгы менен бекитилген мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестри; Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 1-августундагы №266 Жарлыгы «Мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматчылардын эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 13-февралындагы № 43 Жарлыгы менен бекитилген “Мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын башкы жана улук административдик кызмат орундарына кадрлар резервин түзүү жана анын иштөө тартиби жөнүндө” жобосун; Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 2-февралындагы №25 Жарлыгы менен бекитилген кызмат стажын эсептөө тартиби жөнүндө жобо, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы №61 Жарлыгы «Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды ротациялоо тартиби жөнүндө» жөнүндө жобосун билүүсү зарыл.
Ак-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын анализ жүргүзүү жана чечимдерди даярдоо бөлүмүнүн башчысына коюлуучу квалификациялык талаптар (Б-Б)
1) кесиптик билимдин деңгээли:
-экономика жана финансы тармагындагы жогорку билим.
2) иш стажы жана тажрыйбасы:
– жалпысынан 3 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 5 жылдан кем эмес иш стажы;
3. Кесиптик компетенциялары:
Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү кызмат орду боюнча иш чөйрөнү регламенттөөчү мыйзамдарды:
– Кыргыз Республикасынын Турак жай Кодекси, “Кыргыз Республикасынын Жер кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө”, КР «Кен байлыктар жөнүндө», “Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө”, “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» Мыйзамдарын билүүсү зарыл.
Ак-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын уюштуруу иштери жана чечимдерди контролдоо бөлүмүнүн башчысына коюлуучу квалификациялык талаптар (Б-Б)
1. Кесиптик билимдин деңгээли:
– тиешелүү багыттагы жогорку билим: экономика жана башкаруу, гуманитардык, табият таануу илимдери.
2. Иш стажы жана тажрыйбасы:
– жалпысынан 3 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тиешелүү тармактык багыты боюнча тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү 5 жылдан кем эмес иш стажы;
3. Кесиптик компетенттүүлүгү:
Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү тармактагы мыйзамдарды:
Кыргыз Республикасынын “Укук бузуулар жөнүндө” Кодекси, “Жарандык коргонуу жөнүндө”, “Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө”, “Тынч чогулуштар жөнүндө”, “Терроризмге каршы аракеттенүү жөнүндө», “Пробация жөнүндө” Мыйзамдарын билүүсү зарыл.
Мамлекеттик жарандык кызматтын улук тобу үчүн:
Ак-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын анализ жүргүзүү жана чечимдерди даярдоо бөлүмүнүн башкы адисине коюлуучу квалификациялык талаптар (У-Б)
1. кесиптик билимдин деңгээли:
– экономика жана финансы тармагындагы жогорку билим.
2. иш стажы жана тажрыйбасы:
жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы;
3. Кесиптик компетенциялары:
Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү кызмат орду боюнча иш чөйрөнү регламенттөөчү мыйзамдарды:
Кыргыз Республикасынын Салык кодекси, “Электр энергетикасы жөнүндө”, “Кыргыз Республикасындагы инвестициялар жөнүндө”, “Ишкерлердин укуктарын коргоо жөнүндө», Кыргыз Республикасынын “Балдар жөнүндө” Кодекси, “Билим берүү жөнүндө” “Мектепке чейин билим берүү жөнүндө”, «Мамлекеттик жөлөк пулдар боюнча» Мыйзамдарын тейлөөсүнө жараша негизги ченемдик укуктук актыларды билүүсү зарыл. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ченемдик укуктук актыларында белгиленген деңгээлде мамлекеттик тилди, ошондой эле кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө расмий тилди билүү.
Ак-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын уюштуруу иштери жана чечимдерди контролдоо бөлүмүнүн башкы адисине коюлуучу квалификациялык талаптар (У-Б)
1. Кесиптик билимдин деңгээли:
– жогорку билим.
2. Иш стажы жана тажрыйбасы:
– жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тиешелүү тармактык багыты боюнча тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү 3 жылдан кем эмес иш стажы;
3. Кесиптик компетенциялары:
Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү тармактагы мыйзамдарды;
Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө”, «Мамлекеттик тил жөнүндө», “Электрондук колтамга жөнүндө” Мыйзамдарын билүүсү зарыл.
Конкурска катышуу үчүн төмөнкү документтерди тапшыруу зарыл:
Конкурска катышууну каалаган адамдар “е-Kyzmat” мамлекеттик порталындагы жеке кабинети аркылуу:
1) өзүнүн кесиптик ишинин жана адистигинин багытын, талапкер эмгектенүүнү пландаган районду (жерди) көрсөтүү менен электрондук форматта өтүнмө берет;
2) жеке мүнөздөгү маалымат чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жеке маалыматтарын берүүгө, чогултууга жана иштетүүгө макулдугун ырастайт;
3) мамлекеттик жарандык кызматка жана муниципалдык кызматка кирүүдө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген коррупцияга каршы чектөөлөрдү кабыл алууну ырастайт.
Өтүнмөгө электрондук форматтагы документтер (сканерленген документтер) тиркелет:
—кадрларды эсепке алуу боюнча өздүк баракча, сүрөтү менен;
— форма боюнча сүрөтү менен резюме (электрондук почтасы жана соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен);
—негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрү (түп нускасы документтерди тапшырууда көрсөтүлөт);
— акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү;
— илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү;
— паспорттун көчүрмөсү (түп нускасы конкурска келгенде көрсөтүлөт).
Ошондой эле, E-Kyzmat электрондук системасы аркылуу кабыл алынат.
Документтерди тапшыруу мөөнөтү: 2026-жылдын 16-июнуна саат 17:00гө чейин кабыл алынат.
Ак-Суу айылы, Ленин көчөсү, 154, Ак-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын имараты, 1,2-кабинет
Байланыш телефону: 0700-900-918, 0707-511-935.
ЭСКЕРТҮҮ: Белгиленген талаптарга жооп бербеген документтерди жана маалыматтарды тапшырган жарандарга конкурска катышууга жол берилбейт.

Leave a Reply