Ак-Суу районунда 2025-жылдын 15-сентябрынан 15-октябрына чейин «Улгайган адамдарга кам көрүү айлыгы» жарыяланып, райондун бардык айыл өкмөттөрүндө 1-октябрь Карылар күнүнө карата майрамдык иш чаралар уюштурулуп келүүдө. Бүгүн, 2025-жылдын 2-октябрында район башчысынын орун басары Г.Суранчиева, райондук ардагерлер кеңешинин төрагасы Б.Асангазиев жана Кыдыр Аке айыл аймагынын башчысы Т.Кобонбаев, жергиликтүү кеңештин төрагасы Б.Акунов, айыл өкмөттөрүнүн социалдык кызматкерлери менен 105 жаштагы Кереге-Таш айылынан Саткынова Жумаканды, 101 жаштагы Курбу айылынан Мамелбаева Тукешти жана эмгеги менен элге таанылган, өз кезегинде сыйлык албаган ата-апалар Ичке-Жергез айылынан Молдогазиева Айнекти, Качыбек айылынан Тюлембеков Алдабергенди, Шапак айылынан Мурзакматова Жумашты, Жылдыз айылынан Байсенов Асанды, Бөрү-Баш айылынан Сакыбаева Аскерканды, Эңилчек айылынан Курманов Аманды, Октябрь айылынан Мырзаева Жүрсүндү, Ак-Суу айылынан Осмонов Уметкалыйды, Ново-Вознесеновка айылынан Исраилова Барчынды куттукташты. Райондук мамлекеттик администрация башчысынын резервдик фондусунан акчалай жана «Кадырлуу эмгек каарманы», «Эл сыймыгы» наамдары, ошондой эле айыл аймактар тарабынан белек жана таттуулар тапшырылды. Ата-апалар келген меймандарга ыраазычылык билдирип, баталарын беришти.
Веб сайттан издөө
-
Акыркы документтер
Жаңылыктар календары
Пайдалуу шилтемелер:
Материалдар архиви







