2025-жылдын 30-октябрында Ак-Суу районунун Хан Теңири айыл аймагынын Советское айылынын түптөлүшүнүн 115 жылдык мааракеси болуп өттү. Мааракеге райондун жетекчилиги, айыл өкмөттөрүнүн башчылары, жергиликтүү кеңештин төрагалары, райондук мекемелер катышып, куттуктоолорду жолдошуп, сыйлыктарды тапшырышты. Мааракеге республиканын ар тарабында эмгектенип, мамлекетибиздин өнүгүшүнө өз салымдарын кошуп келе жаткан атуулдарыбыз, айыл эли катышты. Айыл тургундары кыргыздын каада-салтын, үрп-адатын, кол өнөрчүлүгүн, кыргыздын улуттук даамдарын тартуулашып, “Боз-Салкын” элдик ыр-бий ансамбли тарабынан айылдын тарыхын сахналаштырып, майрамдык маанай тартуулашты. Өткөрүлгөн сынактардын жеңүүчүлөрүнө сыйлыктар тапшырылды. Айылдан чыккан мыкты инсандардын сүрөт көргөзмөсү уюштурулду.
Веб сайттан издөө
-
Акыркы документтер
Жаңылыктар календары
Пайдалуу шилтемелер:
Материалдар архиви








