Кыдыр Аке айыл аймагынын инфраструктурасын жакшыртуу, айыл чарба, тазалык жана коммуналдык кызматтардын сапатын жогорулатуу максатында алынган жаңы техникалар 2025-жылдын 6-декабрында айыл аймактын муниципалдык ишканаларына тапшырылды. Иш чарага район башчысынын орун басары Г.Суранчиева, райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Б.Акмолдоев, Кыдыр Аке айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Кобонбаев, жергиликтүү кеңештин төрагасы Б.Акунов, айыл аймактын карамагындагы айылдардын аксакалдары, тургундары, айыл башчылар, жергиликтүү кенештин депутаттары катышты.
Техникалар айыл аймактагы 3 муниципалдык ишканага алынган, анын ичинен:
– “Ак-Суу айыл чарба” муниципалдык ишканасына W430 John Deere комбайны, DYNOHEADER TR 1688 (4 катарлуу) жүгөрү жаткасы, 215R (4,5 м) эгин жаткасы, HIDROMEK 140WH4 экскаватору,
– “Ак-Суу Тазалык” муниципалдык ишканасына фронталдык погрузчик, таштанды ташуучу автоунаа,
– “Ак-Суу коммуналдык чарба” муниципалдык ишканасына HOWO (ассенизатор) унаасы, HOWO жол жууган атайын унаа.
Бул техникаларды алуу үчүн жалпы 56,6 млн сом сарпталды, анын ичинен “Элдик Банк” ААК аркылуу лизингге 41,2 млн сом, облустук фонддон 11,5 млн сом, жергиликтүү бюджеттен өздүк салым 3,9 млн сом.




