айыл аймагындагы жергиликтүү тургундар менен жолугушуу өткөрдү.
Жолугушуунун жүрүшүндө айыл тургундары жолдордун абалы, ичүүчү суу менен камсыздоо,
социалдык инфраструктуранын жетишсиздиги, ошондой эле айрым жеке маселелер боюнча кайрылууларын айтып, көйгөйлөрүн ортого салышты.
Ар бир маселе кылдат угулуп, тиешелүү мамлекеттик
жана жергиликтүү кызматтарга конкреттүү тапшырмалар берилди.
Ошондой эле тургундар тарабынан айыл аймагына ылдамдыкты чектөөчү жасалма тосмолорду (лежачий
полицейский) жана кошумча жол белгилерин орнотуу маселеси көтөрүлдү. Бул сунуштар жол коопсуздугун камсыздоо максатында тиешелүү
мекемелер тарабынан карала турганы белгиленди.
Тургундар облус башчысынын жерине келип, элдин үнүн угуп жатканына ыраазычылык билдирип,
мындай жолугушуулар көйгөйлөрдү чечүүгө чоң жардам берип жатканын белгилешти.
Ошондой эле маселелерди жеринде карап, аларга ыкчам чара
көрүү демилгеси жергиликтүү эл тарабынан колдоого алынды.
Жолугушуунун жыйынтыгында көтөрүлгөн бардык маселелер көзөмөлгө алынып, чечүү иштери улантылары айтылды


