Ак-Суу айылында таза суу киргизүү боюнча реконструкциялык иштер уланууда. Бул долбоордун алкагында жалпы беш суу сактагыч курулуп жатат. Учурда айылга таза суу эски резервуар аркылуу берилүүдө.
Таза суу системасы толугу менен ноябрь айында пайдаланууга берилет. Жаңы курулуштар толук ишке киргенден кийин, айыл тургундары туруктуу жана сапаттуу таза суу менен камсыз болушат.