Райондон чыккан чыгаан инсандар

Райондон чыккан чыгаан инсандар

 

Кыдыр Аке

Бугу уруусунан чыккан сынчы, элчи, саяпкер, олуя, комузчу Байсары уулу Кыдыр аке 1843-жылы Ысык-Көлдө жарык дүйнөгө келген. Чоң атасы Олжобай “Арык” тукумун башкарган бий болгон.

Кыдыр аке Көлдүн жети акесинин эң кичүүсү. 18 жашында болуштукка отуруп, андан кийин үч жолу удаасы менен шайланат. 83 жашка чыккыча акылынан адашпай, сөзүнөн жаңылбай, 1926-жылы 26-март күнү дүйнө салат. Элүүдөй бээ, жүздөй майда мал союлуп, тажыясына үч жарым миң адам келген. Сөөгү Кереге-Таштын тоо тарабына коюлган. Кыдыр аке өз мезгилинде эл башчыларынын арасынан биринчилерден болуп орустар менен тынч жашоого үндөгөнү тарыхый чындык. Россия империясынын алыскы губернияларынын биринин ишенимдүү адамы катары сенатка мүчө, мамлекеттик төртүнчү Думага депутат болуп шайланган. Элчилик ишмердиги үчүн алтын медаль жана подполковник чини ыйгарылган.

Батасы жаза кетпеген Кыдыр аке кыргыз менен орус элинин ортосундагы байланышты чыӊдоого, эли-журтун сактоодо  кошкон салымдары жөнүндө муундан муунга айтылып келет. Анын атактуу Романовдун падышалык династиясынын 300 жылдык салтанатына  катышып, Россиянын мамлекеттик Думасынын мүчөсү болгондугу тууралуу Грамота Санкт-Петербургдагы Эрмитажда кастарланып илинип тургандыгы биз үчүн чоӊ сыймык. Ошондой эле быйылкы жылы эле Тавр ордосунда Кыдыр Байсары уулунун бюстунун ачылышы салтанаттуу болуп өттү.

 

 

 

Ыбырай Туманов (1885 – 1967)

Комузчу жана элдик композитор Ыбырай Туманов Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районуна караштуу Ак-Булуң айылында туулган. Кыргыз ССР эл артисти (1951). СССР композиторлор союзуна мүчө. 
1936-1957-ж. Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз мамлекеттик филармониясынын эл аспаптык оркестринде иштеген. 
Эмгек, тынчтыкка арналган «Кеңеш», «Октябрь өзгөрүшү», «Колхоз куралышы», «Паровоз», «Толкун», «Жүрөгүм», «Улуу той», «Москва», «Жыргал күн», «Тынчтык», «Ала-Тоо» жана башка күүлөрдү чыгарган. Анын чыгармаларында добуш аркылуу сүрөттөө, баяндоо, профессионал музыканын айрым кайрыктарын, татаал ыкмаларын, штрихтерин пайдалануу күчтүү өөрчүгөн. 
         Ыбырай элдик күүлөрдү жана Токтогул, Айдараалы, Асанаалы, Муратаалы,Карамолдо, Абак, Кайду, Майлыбай жана башкалардын күүлөрүн чебер аткарган. 

1936-ж. анын көп күүлөрүн А. Затаевич нотага түшүргөн. Ыбырайдын «Кеңеш», «Жаш тилек», «Жүрөк толкуйт», «Боз салкын» жана башка күүлөрү оркестрлештирилген. «Абышканын арманы», «Жетим баланын арманы», «Серкебайдын арманы» деген кедейчиликтен, оор тагдырдын кесепетинен келип чыккан армандуу күүлөрдү да аткарган. 
Залкар комузчу элдин жана абалкы комузчулардын күүлөрүн ыбырайлык ыкмага салып, иштеп чыккан. 
         Ыбырай күү чыгаруу жагынан башка комузчулардан айырмаланып, ырлардын ыргактарынын обондуулугун улуттук обон чыгаруу менен куюлуштурган. 
         1939-ж. Москвада өткөн кыргыз искусствосунун, кыргыз адабияты менен искусствосунун (1958) он күндүктөрүнө катышкан. 1990-ж. «Күүлөр» деген жыйнагы чыккан. 
         Эмгек Кызыл Туу, «Ардак Белгиси» ордендери менен сыйланган. Анын ысмы Каракол музыка окуу жайына берилген. 

 

 

 

Досмамбетова Канымгүл (1935-1978)

 Досмамбетова Канымгүл (1935, Ак-Суу району, Түргөн айылы) — ырчы, обончу, актёр. Досмамбетованын ырчылык шыгы айылдагы мектепте окуп жүргөндө эле башталган. 1951-ж. Караколдогу облустун драма театрында, 1953-жылдан кыргыз мамлекеттик филармониясында, 1953-1958-ж. Кыргыз драма театрында, 1958-1978-ж. Нарындагы М. Рыскулов атындагы музыкалуу-драма театрында иштеген. Досмамбетованын негизги чыгармачылыгы ырчылык менен обончулук болгон; театрда коюлган пьесаларда чакан ролдорду аткарган. Анын ырларынын обондуулугу, элдүүлүгү, назиктиги, лирикалуулугу менен айырмаланат. 
         «Ала-Тоолук чабанга», «Билгин жигит», «Кызыл өрүк», «Кыйылып турам», «Калкысам да кайыгыңда», «Жаштыктын коркү жар экен», «Табар элек бир паста», «Унутпадым», «Түш көрүүдөн тажадым», «Анда сен», «Колхоз талаасында», «Узатарда», «Замандашыма», «Көлүмдөй сүйдүм өзүңдү» жана башка ырларга оригиналдуу, мукам обондорду жараткан. 
Анын ырлары аспаптар, симфониялык оркестрлер үчүн иштелип чыккан. Көп ырларын комуздун коштоосунда өзү аткарган. Обондорунун көпчүлүгү атайын жыйнактарга чыккан.  Ырчы, обончу болуу менен бирге эле театрда да далай ролдорду ойногон.

 

 

Бүбүйна Орузбаева

Бүбүйна Орузбаева 1924-жылы Кыргызстандын Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районуна караштуу Чолпон айылында туулган.

1945-жылы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык институтун бүтүргөн.

1951-54-жылдар аралыгында Кыргыз ССР ИАнын тил, адабаият институтунун кенже, улук илимий кызматкери, 1954-56-жылдары директордун илимий иштер боюнча орун басары, 1956-59-жылдарда грамматика секторуна башчы, 1959-62-жылы директор, 1962-76-жылдары институттун түркология жана терминология секторлоруна башчы болуп эмгектенген.

1976-87-жылдары Кыргыз энциклопедиясынын башкы редактору.

1987-жылдан Кыргыз Республикасынын Илимдер Академиясынын тил, адабият институтунда бөлүм башчы.

1984-жылдан Кыргыз Республикасынын ИАнын Президиумунун мүчөсү болуп турган.

Бүбүйна Орузбаева 200дөн ашык илимий эмгектин автору. Анын эмгектери кыргыз грамматикасына, лексикологияга жана лексикографияга, кыргыз тилинин тарыхына, кыргыз терминологиясына, тил аралык байланышка, тил илиминин жана айрым түркологиянын проблемаларына арналган.

 

 

Байжиев Ташым Искакович (1909–1952)

Байжиев, Ташым Искакович (1909–1952) – адабиятчы, сынчы, драматург.

Ташым Искак (Ыскак) уулу Байжиев 1909-жылы азыркы Ысык-Көл облусуна караштуу Ак-Суу районундагы Тепке айылында туулган. 
         1925-жылы Байжиев айылдашы К.Жантөшев менен Фрунзеге келип педтехникумга кирип, аны 1930-жылы бүтүрүп чыгат. 
1930–1931-жж. Гүлчөдөгү балдар үйүнүн директору, Жалал-Абаддагы педтехникумдун окуу бөлүмүндө башчы болуп иштеп, тил жана адабияттан, тарыхтан сабак берет. 
         1940-жылы Фрунзедеги пединституттун орус тил жана адабият факультетин бүтүрүп чыгып, тарых жана адабият институтунун «Манас» бөлүмүн башкарат. 
         1942-жылы өз ыктыяры менен согушка кетип, 1944-жылы жарадар болуп тылга кайтат. 

         1944–1949-жж. Т.Байжиев Кыргыз илимдер академиясына (ал кездеги СССР ИАсынын Кыргыз филиалына)  караштуу «Манас» секторунун башчысы, 1949–1950-жж. Кыргыз мамлекеттик пединститутунда мугалим болуп иштейт. 

         1927-жылы ал «Кызыл Кыргызстан» гезитинин алдында курулган «Кызыл учкун» адабий уюмунун алгачкы мүчөлөрүнүн бири болуп, кийин Кыргыз Жазуучулар союзу уюштурулганда М.Элебаев, Ж.Жамгырчиев, Ж.Бөкөнбаев, К.Жантөшев, С.Сасыкбаев ж. б. менен бирге СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү болот. 

         1950-жылы Т. Байжиев айыпсыз куугунтукка алынып репрессияланган жана 10 жылга эркинен ажыратылган. 1952-жылы 17-февралда Караганда лагеринде каза болгон. 1955-жылы толугу менен күнөөсү акталган. 

         Т. Байжиевдин 1927–1928-жж. «Кызыл Кыргызстан» гезитинде «Чабуул», «Маданият жолунда» журналында Ташымдын «Сен кимсиң?», «Досум», «Кытмыр өлдү», «Күрөө», «Тер-Сууда», «Суу боюнда» ж. б. чакан повесть, аңгемелери чыгат. 

         1930–1940-жж. Т.Байжиев өзүнүн чыгармачылыгын сынга, адабият таануу жана тил илимине жумшайт. Адабиятчы Зияш Бектенов менен бирдикте Кыргыз грамматикасы жана адабияты боюнча биринчи окуу китептеринин автору болот. 

         Т.Байжиев театр ишине да бир топ эмгек сиңирген. 1944-жылы анын Улуу Ата Мекендик согуш жөнүндө жазган «Жигиттер» аттуу пьесасы «Советтик Кыргызстан» журналына басылып чыккан. Кыргыз драма театрында анын котормосу боюнча А.Треневдин «Любовь Яроваясы», А.Островскийдин «Сепсиз кызы» коюлган. Т.Байжиев И.Тургеневдин, Л.Толстойдун, Д.Фурмановдун, А.Фадеевдин ж.б. чыгармаларын кыргыз тилине которгон. 1936-жылы СССР Жазуучулар союзуна мүчө болгон. 

 

 

Советбек Жумадылов

 Советбек Жумадылов  1932-жылы Ак-Суу районунун Тепке айылында туулган.  Актер, КРнын Эл артисти (1977-ж.), эмгек сиӊирген артист (1975-ж.), М.Рыскулов атындагы сыйлыктын лауреаты. 1953-жылы Ташкенттеги А.Н.Островский атындагы сүрөт жана театр институтунун актердук факультетин бүтүргөн. 1953-жылдан Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрында иштейт.  Жумадылов каармандардын ички сырын, социалдык маӊызын ачып, жекече мүнөз таба билген актер. Ар кыл тематикадагы көркөм образдарды аткарып, алардагы таасирдүү  тереӊдиктерди таап, жөнөкөй, жеткиликтүү  бере билген. Аткарган негизги ролдору: Ашырбай, Солтобай, Мухтар, Омор (Т.Абдумомунов «Ашырбай», «Тар капчыгай», «Абийир кечирбейт»), Мырзакул, Мамбет, Эдигей, Танабай  (Ч.Айтматов «Бетме-бет», «Фудзиямадагы кадыр түн», «Кылым карытар бир күн», «Танабай Бакасов»), Кызылчок, Маке чал (Б.Жакиев «Алтын аяк»), Боромбай (А.Токомбаев «Өлбөстүн үрөнү»), Тазабеков (Э.Турсунов «Замандаш»), Дайыр Мусаевич (М.Байжиев «Ар бир үйдө майрам»), Омар Хайям (К.Мамбетакунов «Омар Хайямдын махабаты»), Ажы (Н.Байтемиров «Уркуя»), Семетей, Коӊурбай (Ж.Садыков «Сейтек», «Айкөл Манас»), орус жана дүйнөлүк классиктерден: Лопахин, Войнцкий (А.Чехов «Алчалуу бак», «Ваня таяке»), Вронский (Л.Толстой «Анна Каренина»), Куудул, Ричард, Отелло (У.Шекспир «Король Лир», «Ричард Ш», «Отелло»), Доктор (Н.Хикмет «Унутулган адам»), Эзоп (Г.Фигейредо «Эзоп») ж.б. кинодо да көптөгөн ролдорду аткарган: Шараф (реж. А.Бергункер «Жоро»), Болотбек (М.Убукеев «Тайгак кечүү»), Токтогул (Б.Каипов «Алымкан»), Жарасбай (Б.Шамшиев «Караш-караш окуясы»), Баяке (У.Убукеев «Ак Мөөр»), Байзак (Б.Шамшиев «Касиеттүү Ысык-Көл»), Директор (Ж.Сооданбек «Дилетант»), Рабфак (А.Нарымбетов «Сузактан чыккан Гамлет») ж.б. Бир нече ирээт медалдар менен сыйланган.

2003-жылы каза болгон.

 

 

Жантөшев Касымалы

      Жантөшев Касымалы  1904-жылы Ак-Суу районунун Тепке айылында туулган. Жазуучу, драматург, КРнын Эл жазуучусу (1968-ж.), КРнын искусствого эмгек сиӊирген ишмери  (1946-ж.). Кыргыз профессионал адабиятынын  негиздегендердин бири. 1930-жылы Кыргыз пед.техникумун бүтүргөн. 1930-1931-жж педтехникумда мугалим, 1931-1933-жж Кыргыз ССРинин Эл агартуу комиссариатында методист, Өзгөн районунда  эл агартуу бөлүмүнүн башчысы, 1934-1948-жж. Кыргыз драма театрында актер, режиссер-коюучу, 1948-1949-жж. Кыргызмамбаста редактар, 1949-1951-жж. Кыргыз ССР Эл агартуу комиссариатында искусство боюнча башкармалык начальниги, 1964-1968-жж.  КРнын Маданият министрлигинин  репертуардык-редакциялык коллегиясынын башкы редактору. Чыгармачылыгы педтехникумда окуп жүргөндө ыр, аӊгеме жазуудан башталган. Тунгуч пьесалары: «Койчулар», «Биз-комсомол», «Айылда», «Карачач» ж.б. Кийинки пьесалары: «Алым менен Мария», «Дардаш», «Ким кантти». Улуу Ата Мекендик согуш мезгилинде жана андан кийин жазган драмалык чыгармалары – «Өч», «Эл ырчысы», «Азоого чалма», «Каныбек», «Курманбек» ж.б. Алгачкы  көлөмдүү прозалык чыгармасы – «Эки жаш» (1938-ж.) повести. 1930-жылдары роман жанрына алгачкылардан болуп кайрылып «Каныбек» (1-китеби 1939-ж., 2-китеби 1941-ж., 3-китеби 1948-ж. чыккан, 2-редакциясы 1957-1958-жж. жарык көргөн) жазылган.  Өмүрүнүн акыркы жылдарында «Хантеӊирлик чабан» (1963-ж.), «Биздин секретарь» (1964-ж.), «Менин тагдырым» (1967-ж.) деген роман, повесттерин жараткан.т көптөгөн аӊгемелердин («Адыл мерген», «Чолпонбай» ж.б.), «Тилек», «Ашуу ашкан суу» фантастикалык повесттердин автору. Котормочу катары да белгилүү. Н.Островскийдин «Болот кантип курчуду» романын, М.Лермонтовдун «Ашык-Керибин» ж.б. кыргыз тилине которгон. Кыргыз жазуучуларынын кино-драматургия жанрын баштоочулардын бири. Айрым чыгармалары экрандаштырылган. «Каныбек» романы орус тилине которулган. Республикадагы айрым мектептерге, китепканаларга, көчөлөргө жана Каракол шаарындагы  Ысык-Көл областтык драма театрына анын ысымы коюлган. Бюсту  Ак-Суу районундагы Тепке айылына 1974-жылы тургузулган. Жазуучунун  элеси түшүрүлгөн бюст жез менен капталган. Айкелчиси А.В.Шестопал. Эмгек Кызыл Туу, «Ардак белгиси» ордендери жана медалдары менен сыйланган.

1968-жылы каза болгон.

 

 

Зуура Сооронбаева

Зуура Сооронбаева 1924-жылы Ак-Суу районунун Жолколот айылында туулган. Жазуучу, акын, драматург. КРнын маданиятка эмгек сиӊирген ишмери (1992-ж.), КРнын Эл жазуучусу, 1943-1979-жж. «Ысык-Көл правдасы» (азыркы «Ысык-көл кабарлары») гезитинде котормочу, кабарчы болуп иштеген. Облус жоюлган учурда  (1959-1971-жж.) район аралык «Эмгек туусу» гезитинде эмгектенген. 1979-жылы пенсияга чыккан. Чыгармачылык жолун 1947-ж. «Корея кызына» деген ырын облустук гезитке жарыялоо менен баштаган. «Менин айылым» ырлар жыйнагы (1960), «Достук» ырлар жана поэмалар жыйнагы (1966-ж.), «Жетимдер» (1970-ж.), «Астра гүлү» (1974, 1984-ж), «Ак чач аял» (1976-ж.), «Осенние цветы» (1979-ж.), «Андрей» (1974-ж.) повесттери, «Эс алчы, апа» балдар үчүн ырлары (1986-ж.), «Чоочун киши» романы (1988-ж.), «Ленинграддан келген кат» балдар үчүн аӊгемелери (1989-ж.), «Эркек колукту» (1987-ж.), «Сынган мазар» (1989-ж.) пьесалары жарык көргөн. Медалдар менен сыйланган.

2012-жылы каза болгон.

 

   Айткулу Убукеев

   Айткулу Убукеев – 1905-жылы Ак-Суу районунун Кереге-Таш айылында туулган.  Жазуучу, журналист. 1925-1932-жж. «Ленинчил жаш», «Кызыл Кыргызстан» гезиттеринде адабий кызматкер, жооптуу катчы болгон. 1926-1946-жж. комсомолдук, партиялык кызматтарда жүргөн. 1947-1955-жж. Кыргызстан Жазуучулар союзунда катчы., 1961-1965-жж редактор болуп иштеген. Чыгармалары  1928-жылдан жарыялана баштаган. А.Убукеевдин  «Жыргал» (1954-ж.), «Койчуман» (1955-ж.), «Саякат» (1959-ж.) аӊгеме жыйнактары, «Акбулут» (1972-ж.) повести, «Чырдөбө» романы (1964-ж.) бар. Коомчулукка фельетонист  («Куйругу жок кулаалы» 1970-ж.) жана очеркист катары таанымал. Бир нече медаль менен сыйланган.

1973-жылы каза болгон.

 

Керимжанова Бүбү 

Керимжанова Бүбү Ак-Суу районунун Бөрү-Баш айылында туулган. Окумуштуу, СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү, Кыргыз мамлекеттик педагогикалык институтун 1941-жылы аяктаган. СССР ИАнын аспирантурасын  (1947-жылы), КПСС БКнын алдындагы коомдук Академияны бүтүргөн (1950-ж.), филология илимдеринин кандидаты (1950-ж.), Кыргыз ИАнын мүчө-корреспонденти (1958-ж.), 1951-1976-жж. Кыргыз ИАнын совет адабияты институтунун кыргыз бөлүмүнүн башчысы. Көптөгөн адабий макалалардан  турган жыйнактары жарык көргөн. Алардын ээси «Кыргыз элинин макал-лакаптары», 10-класстар үчүн «Адабият» окуу китептери, «Кыргыз совет адабиятынын тарыхы боюнча очерктер» китептери бар. «Ардак белгиси», Эмгек Кызыл Туу ордендери, медалдары менен сыйланган.

 

БААТЫРЛАР:

Кадыров Касым

Кадыров Касым 1925-жылы Ак-Суу районунун Ичке-Жергез айылында туулган. Машина айдоочу, Социалисттик Эмгектин Баатыры (1966-ж.). эмгек жолун 1941-жылы баштаган. 1941-1943-жж Ак-Суу районунун  Боз-Учук айылында тракторчу болуп иштеген. 1943-1950-жж. армияда болуп, Ата Мекендик  согушка катышкан.  1950-жылы Караколдогу автоайдоочулардын мектебин бүтүргөн. 1950-жылдан Каракол жүк автобазасынын, Ысык-Көл өндүрүштүк автотрестинин  2916-автоколоннасынын айдоочусу. Жети жылдык планды тоннаж боюнча 120%, тонна-километраж боюнча 113% орундатып, 11 миӊ литр күйүүчү, майлоочу майды, 830 сомдук запас бөлүктөрүн үнөмдөгөн, капиталдык ремонтсуз 600 миӊ км. жүргөн. Ленин, Октябрь революциясы, II жана  III даражадагы Эмгек Даӊкы ордендери жана медалдары менен сыйланган.

1994-жылы каза болгон.

 

 

Довгаль Татьяна Андреевна 

Довгаль Татьяна Андреевна – 1937-жылы Ак-Суу районунун Орлинный айылында туулган. Саанчы, Социалисттик Эмгектин Баатыры (1981-ж.), 1953-1955-жж. чочко баккан. 1956-жылдан баштап Ак-Суу районундагы 1-Май колхозунда  саанчы, 1980-жылы ар бир уйдан 5400 кг сүт саап алып, музоосун аман асыраган. 1985-жылы өзүнө бекитилген 23 уйдун ар биринен 5290 кгдан сүт саап алган. Үч жолу Ленин, Октябрь революциясы ордендери, ВДНХнын алтын медалы жана Кыргыз  ССР Жогорку Советинин Ардак грамоталары менен бир нече жолу сыйланган. СССР Жогорку Кеӊешинин  VIII,  XIX чакырылышынын депутаты болгон.

 

 

Океш Түлөбердиев

Океш Түлөбердиев 1904-жылы  туулган. Биринчилерден колхоз өндүрүшүн уюштургандардан. Социалисттик Эмгектин Баатыры (1957-ж.). 1932-жылдан КПССтин мүчөсү болгон. 1928-1932-жж. Каракол шаарындагы ишканаларда жумушчу, 1934-ж. Ак-Суу районундагы Зындан айыл кеӊешинде төрага.  1941-1943-жж. Советтик Армиянын катарында, Аскерден келгенден кийин  Октябрь айыл кеӊешинин, андан кийин «Жаӊы Жылдыз» (Ак-Суу району) колхозунда башкарманын төрагасы болгон. Анын жетекчилиги менен чарбанын экономикасы чыӊдалып, айыл чарба  өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгү жогорулаган, малдын саны менен продуктуулугу өскөн. эки жолу Ленин ордени жана медалдар менен сыйланган. Ысымы Каракол шаарынын жана Маман айылынын  көчөлөрүнүн бирине коюлган.

1972-жылы Маман айылында каза болгон.

 

Курманкул Абдулаев

Курманкул Абдулаев 1912-жылы Ак-Суу районунун Бөрү-Баш айылында туулган. Социалисттик Эмгектин Баатыры. 1930-1972-жж Түп районундагы «Сухой Хребет», «Маяк» совхоздорунда арабакеч, комбайнер болуп эмгектенген. Ленин, Кызыл Жылдыз ордендери, медалдар менен сыйланган. 

2006-жылы каза болгон.

 

Чынтемир Осмонов

Чынтемир Осмонов 1923-жылы Ак-Суу районунун Курбу айылында туулган. Гвардиянын сержанты, Даӊк орденинин толук кавалери, 1942-жылдан Советтик Армияда Воронеж, Степной, 2 жана 1-Украина фронтунда салгылашкан.Сандомир плацдармын алуу үчүн урушка катышкан. Днестр дарыясынын оӊ жээгиндеги плацдармды алгандыгы үчүн 3-даражадагы, Хальбендорф айылында душмандын контрчабуулунун мизин кайтаргандыгы үчүн 2-даражадагы, Мускау, Бреслау шаарларын бошотуудагы каармандыгы үчүн 1-даражадагы Даӊк орденине татыктуу болгон. Согуштан кийин өзүнүн колхозунда иштеген.

1987-жылы каза болгон.

 

 

 

 

Жумаш Асаналиев

Асаналиев Жумаш – (10. 5. 1923, Ысык-Көл облусу, Ак-Суу району, Отуз-Уул айылы, 25. 6. 1944) – Советтер Союзунун Баатыры (1944). Советтик Армиянын катарына 1942-ж. чакырылган. Улуу Ата Мекендик согушта 67-гвардиялык аткычтар дивизиясынын 199-гвардиялык полкунда пулемётчу болгон. 1944-ж. 24-июнда Батыш Двина дарыясынан совет жоокерлери чабуул коюп, Лабейка кыштагынын (БССР) жанынан өткөндө, Асаналиев Жумаш өз пулемёту менен душман ээлеген жээкке биринчилерден болуп чыгып, батальондун оң флангасынан орун алып, гитлерчилердин контр чабуулуна каршы салгылашкан. Пулемёту жараксыз болуп калган соң, фашисттер жакындап келгенде, акыркы гранатасын жардырып, айланасындагы фашисттерди кырып, өзү да курман болгон. Лабейка кыштагынын жанына коюлган. Белоруссиянын борбору – Минск шаарындагы жана туулуп-өскөн айылындагы көчөгө ысмы ыйгарылып, Минск шаарында эстелиги тургузулган (2004).

 

 

 

Мамакеев Мамбет Мамакеевич

 Мамакеев Мамбет Мамакеевич (1927-ж. т., Ак-Суу району, Кереге-Таш айылы) — хирург, медицина илимдеринин доктору (1970), профессор (1972). Кыргызстан УИАнын академиги (1993; мүчөсү 1989). Кыргыз Республикасынын илимге эмгек сиңирген ишмери (1987). 
1952-ж. Кыргыз мамлекеттик медициналык институтун бүткөн. 
1952—1955-ж. КММИнин госпиталдык хирургия кафедрасында ординатор, 1955—1958-ж. аспирант. 1958—1972-ж. ошол кафедрада ассистент, доцент. 1972-жылдан кафедра башчы. Мамакеев 120дан ашык илимий эмгектин (анын ичинде 8 монография) автору. Hегизги илимий эмгектери өттүн таш оорусун хирургиялык жол менен дарылоо, ошондой эле орулууларга хирургиялык шашылыш жардам көрсөтүүгө арналган. Анын «Катуу кармаган холециститти хирургиялык дарылоо», «Уйку безинин сезгениши» деген жана башка эмгектеринин мааниси чоң. 
Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген дарыгери (1973). Республикасылык хирургдар коомунун төрагасы (1980). 1975-жылдан Кыргыз Республикасынын Жогорку кеңешинин депутаты. Кыргыз Республикасынын Жогорку кеңешинин саламаттык сактоо боюнча туруктуу комиссиясынын мүчөсү. Эл аралык хирургдар ассоциациясынын(Швецария), гастроэнтеролог жана онкологдордун Дүйнөлүк ассоциациясынын(Греция) мүчөсү. Октябрь Революциясы, Эмгек Кызыл Туу, Эл Достугу ордендери менен жана медалдар менен сыйланган. Кыргыз Республикасынын Эл Баатыры(2004). 


  

Тарых жолун таасын иликтесек, биздин аймактан чыккан белгилүү окумуштуулар, маданият ишмерлери булактай оргуп чыгып, эл үчүн эрдикке тете өмүр өтөгөндүгүн баамдайбыз. Театр сахнасында жана кинодо, ар кыл таасирдүү тереӊдиктерди таап, жөнөкөй жеткиликтүү бере билген, улуу чебер КРнын Эл артисти, эмгек сиӊирген артист Советбек Жумадылов, залкар жазуучу, драматург, КРнын Эл жазуучусу  Касымалы Жантөшев, КРнын маданиятка эмгек сиӊирген ишмери, Эл жазуучусу Зуура Сооронбаева,  жазуучу Айым Айтбаева, Айткулу Убукеев, Жекшен Ашубаев, Кыргыз адабиятчысы, фольклорчу, котормочу, жазуучу Ташым Байжиев,  Кыргызстан Ленин комсомолу сыйлыгынын лауреаты, акын Табылды Муканов, белгилүү журналист, жазуучу, сатирик Калкамбай Ашымбаев, жазуучу – драматург, Эл жазуучусу, КРнын маданиятына эмгек сиӊирген ишмер  Мар Байжиев, композитор, устат комузчу, Кыргыз ССРинин Эл артисти, СССР композиторлор союзунун мүчөсү  Ыбрай Туманов, артист, режиссер, Кыргыз ССРинин Эл артисти Касымалы Эшимбеков, КРнын эл артисти Турсун Уралиев, белгилүү обончулар Кыргыз Республикасынын Эл артисти Аксуубай Атабаев, ырчы, обончу, актер Канымгүл Досмамбетова,  Кыргыз ССРинин эмгек сиӊирген артисти Асанбек Жантемиров, ырлары эл жүрөгүн эргиткен  ырчы, КРнын эмгек сиӊирген артисти Гүлмайрам Момушева,  ырчы, КРнын эмгек сиӊирген артисти, Т.Сатылганов атындагы мамлекеттик сыйлыгынын ээси Анарбек Ибраев, ырчы Данил Илязов, Кыргыз Республикасынын эмгек сиӊирген артисти, СССРдин телерадиосунун отличниги  Тамара Алсеитова, ырчы Чолпон Алсеитова, киноматограф, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиӊирген ишмери Шайымбек Апылов, артист, режиссер, обончу, Кыргыз ССРинин эмгек сиӊирген артисти Асанбек Жантемиров, журналист, Кыргыз ССРинин маданиятына эмгек сиӊирген ишмер Абылкасым Кангелдиев, композитор, обончу, ырчы, КРнын эл агартуусунун отличниги Алымбек Коробаев, кинорежиссер, КРнын искусствосуна эмгек сиӊирген ишмер Мелис Убукеев, артист, режиссер – коюучу, КРнын Эл артисти, маданиятына эмгек сиӊирген ишмер Турсун Уралиев, Кыргызстан Журналисттер союзунун мүчөсү Орузбай Абдулхакимов, Дүйшөке Дөкөнбаев,  Бүбү  Керимжанова,

Тоо-кен инженери, Кыргыз Республикасынын эмгек сиӊирген ойлоп -табуучусу, техникалык илимдин доктору, профессор Самүдүн Абдраимов, техника илимдеринин кандидаты Толкунбай Абеков, химия илимдеринин кандидаты Рысбек Абылгазиев, юрист, СССР Ички иштер министрлигинин эмгек сиӊирген кызматкери Сулайман Адыгеев,  мамлекеттик жана коомдук ишмер, подполковник, республиканын алгачкы аскер комиссары Аден Истамбеков, филология илимдеринин кандидаты, СССР жазуучулар союзунун мүчөсү, окумуштуу Бүбү Керимжанова, тилчи, филология илимин доктору, профессор, КРнын илимге эмгек сиӊирген ишмери, КРнын мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты Бүбүйна Орузбаева, КРнын илимине эмгек сиӊирген ишмери, СССРдин жана Кыргыз ССРинин эл агартуусунун отличниги, педагогика илиминин доктору  Магрифа Рахимова, экономист, Кыргызстан илимдер Академиясынын академиги Жумагул Алышбаев,  техника илимдеринин доктору, физика-математика илимдеринин доктору Асанбай Арынов, экономика илимдеринин кандидаты, КРнын эмгек сиӊирген экономисти Керимбек Арналиев, КРнын эмгек сиӊирген экономисти, экономика илиминин доктору, профессор Жээнбек Батырканов, Кыргыз Республикасынын эмгек сиӊирген куруучусу Элгез Бакеев, философия илиминин доктору, илим жана техника боюнча Кыргызстан Ленин комсомолу, И.Ахунбаев атындагы мамлекеттик сыйлыктардын лауреаты Аскарбек Бекбоев,  филология илимдеринин кандидаты, профессор Жолдош Жусаев,  экономика илимдеринин доктору, профессор Керимберди Жунушев,  илимпоз, химия илимдеринин доктору, профессор Бейшен Иманакунов, илимпоз, биология илимдеринин доктору, профессор Сапаш Касиев, СССРдин айыл чарбасына эмгек сиӊирген кызматкери, Кыргыз ССРинин эмгек сиӊирген  ветеринары Хамра Көкөжанов,  мамлекеттик ишмер, КРнын эмгек сиӊирген юристи Усуп Мукамбетов, геолог, КРнын геология кызматынын эмгек сиӊирген кызматкери Бейшембек Мукашев, физика-математика илимдеринин доктору, профессор Мукай Мурзакматов,  физика-математика илимдеринин кандидаты, профессор Мусапар Орозалиев, экономика илимдеринин доктору, профессор, Кыргызстан ИАнын корр.мүчөсү Асангалый Орузбаев, КРнын илимине эмгек сиӊирген ишмер, СССРдин жана Кыргыз ССРинин эл агартуусунун отличниги, педагогика илимдеринин доктору, профессор Магрифа Рахимова, Кыргыз ССРине эмгек сиӊирген энергетик, техника илимдеринин кандидаты, профессор Калый Рахимов, КРнын илимине эмгек сиӊирген ишмер, КРнын илим жана техника боюнча мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, физика-математика илидеринин доктору Өзгөрүш Шаршекеев, инженер – гидротехник, КРнын эмгек сиӊирген куруучусу Ишен Бекболотов, СССР Эл агартуусунун отличниги, КРнын эмгек сиӊирген мугалими Турган Жанаманова, мамлекеттик ишмер, Ысык-Көл облусунун биринчи губернатору Абдыш Жаркынбаев, Кыргыз ССРинин  Жогорку Советинин II, III,  IV чакырылышынын депутаты Турдукожо Искаков, төрт жолку Эмгек Кызыл Туу, эки жолу Ардак белгисинин ээси Кадыркул Качыкеев, КПССтин XXVI съездинин делегаты, СССР Жогорку Советинин депутаты, Ленин, Эмгек Кызыл Туу, Октябрь революциясы ордендеринин ээси, саанчы Батима Кембаева, эки жолу Ардак белгиси, эки жолу Эмгек Кызыл Туу ордендеринин ээси Муса Кулатаев,

Кыргыз ССРинин саламаттык сактоо эл комиссары Кожокан Шоруков, медицина илиминин кандидаты, доцент Үтүр Калиев, КРнын  эмгек сиӊирген врачы, профессор, СССР Саламаттык сактоосунун отличниги  Сатынды Кожокматов, медицина илиминин доктору, профессор, КРнын илимге эмгек сиӊирген ишмери, КРнын Эл Баатыры Мамбет Мамакеев, Кыргыз Республикасынын эмгек сиӊирген дарыгери, медицина илиминин доктору, профессор  Жапарбек Бектуров, КРнын эмгек сиӊирген дарыгери Асанкан Барыктабасов,

Спортсмен, КРнын чемпиону, КРнын эмгек сиӊирген тренеры Алмазбек Касенов, Кыргыз ССРинин эмгек сиӊирген мугалими Калыйча Кайназарова, Касым Кангелдиев, сүрөтчү, СССР сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү Бактыбек Мусаев.

 

Ак-Суу районунан чыккан манасчылар:

  1. Чоӊбаш (Нармантай) (XVIII-XIX кк.) – Түргөн болушу,
  2. Назар Болот уулу (1828-1893) – Сары-Камыш айылы
  3. Чоюке Өмүр уулу (1863-1925) – Маман айылы
  4. Жүгөрү Назар уулу (1864-1941) – Сары-Камыш айылы
  5. Кайдуу Сопу уулу (1865-1950) – Кайырма-Арык айылы
  6. Азиз Өмүр уулу (1870-1970) – Маман айылы
  7. Мамбетаалы (Көкчеке) Ашымбай уулу (1897-1969) – Кайырма-Арык айылы
  8. Уркасым Бегалиев (1924-1990) Ак-Булуӊ айылы
  9. Шаабай Азиз уулу (1927-2004) – Үч-Кайнар айылы,
  10. Талантаалы Бакчиев (1971) – Маман айылы
  11. Тилек Асанов (1982)- Сары-Камыш айылы
  12. Дастан Бакчиев (1987) – Маман айылы

Коомдук ишмерлер:

Кеӊешбек Алымбеков, Эркинбек Алымбеков, Кадыркул Качыкеев, Ишенбай Молдоташев, Жумагул Сааданбеков, Асанбек Сарыбаев, партиялык кызматкер Жаманкул Тойгонбаев, Султан Урманаев,

 

Райондо 7 мазар бар: «Баш-Ата» (Бөрү-Баш), «Алма» (Ичке-Жергез), «Ак-Бака» (Кереге-Таш), «Бакалуу-Көл» (Түргөн), «Кайнар-Булак» (Үч-Кайнар), «Көйкап», «Май-Булак» (Сары-Жаз).

7 керемет жер: Хан-Тенири, Тулпар-Таш, Алтын-Арашан, Көөлү, Алтын-Булак, Ак-Суу капчыгайы, Каракол капчыгайы

7 Баатыр: Касым Кадыров, Курманкул Абдуллаев, Океш Түлөбердиев, Татьяна Довгаль, Жумаш Асаналиев, Мамбет Мамакеев, Чынтемир Осмонов

7 академик: Жумагул Алышбаев, Жүрсүн Субанбеков, Мамбет Мамакеев, Бейшен Иманакунов, Самүдүн Абдраимов, Бүбүйна Орузбаева, Асангалый Орузбаев

9 губернатор: Жумагул Сааданбеков, Эмиль Анапияев, Токон Шайлиева, Ишенбай Молдоташев, Султан Урманаев, Асанбек Сарыбаев, Асхат Акибаев, Элчибек Джантаев, илияз Иманбетов

7 төрага: Дамира Жаныбекова, Жолдошбек Байсеитов, Азамат Сагынбаев, Элчибек Джантаев, Өмүрбек Абдылдаев, Талгат Мукалаев, Азамат Калмакиев

8 акимдер: Зинагүл Камбарова, Асан Кыдыргычев, Болот Купешов, Кубан Бекбоев, Жолдошбек Байсеитов, Улан Доконбаев, Элчибек Джантаев, Акылбек Түкөбаев

 

Ак-Суу районун 1973-жылдан бүгүнкү күнгө чейин жетектеп келген жетекчилери:

  1. Заворохин В.А. –Кыргызстан КП Ак-Суу райондук комитетинин 1973-1974-жылдардагы биринчи катчысы
  2. Глухов В.А. –Кыргызстан КП Ак-Суу райондук комитетинин 1975-1978-жылдардагы биринчи катчысы
  3. Скопинцев Н.П. –Кыргызстан КП Ак-Суу райондук комитетинин 1979-1982-жылдардагы биринчи катчысы
  4. Турдубаев Жолочу Турдубаевич –Кыргызстан КП Ак-Суу райондук комитетинин 1982-1988-жылдардагы биринчи катчысы
  5. Тукешев Конокбек Тукешевич –Кыргызстан КП Ак-Суу райондук комитетинин 1988-1991-жылдардагы биринчи катчысы
  6. Камбарова Зинакүл Орозгазиевна –Кыргызстан КП Ак-Суу райондук комитетинин 1991-жылдагы биринчи катчысы
  7. Кыдыргычев Асан Кыдыргычевич – 1992-1995-жж, 1997-2000-жылдардагы Ак-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким
  8. Сыдыков Майрамбек Түлөбердиевич– 1995-1996-жылдардагы Ак-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким
  9. Чаначев Марат Сыдыкович – 1996-1997-жылдардагы Ак-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким
  10. Алышбаев Калыбек Кенешович – 1998, 2001-жылдардагы Ак-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким
  11. Шаршеналиев Өмүрбек Асангазиевич –2001-2003-жылдардагы Ак-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким
  12. Мамбетов Мукаш Самалыкович –2003-2004-жылдардагы, 2005-жылы Ак-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким
  13. Баратбаев Эмил Орозбекович –2004-2005-жылдардагы Ак-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким
  14. Чекиев Тынчтыкбек Бешкемпирович –2005-2008-жылдардагы Ак-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким
  15. Купешев Болотбек Дуйшекович –2008-2010-жылдардагы Ак-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким
  16. Бекбоев Кубанычбек Муканбетович –2010-2012-жылдардагы Ак-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким
  17. Байсеитов Жолдошбек Абылович –2012-2017-жылдардагы Ак-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким
  18. Доконбаев Улан Ишембаевич –2017-2019-жылдардагы Ак-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким
  19. Тюкебаев Акылбек Алиякунович –2019—2021-жылдын 22-майына чейин  Ак-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким
  20. Насиров Мунарбек Жумабаевич – 2021-жылдын 22-майынан баштап бүгүнкү күнгө чейин Ак-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким

Comments are closed.