Кыргыз Республикасынын Президентинин «2024-2034-жылдарга футболду андан ары өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгына ылайык 2025-жылдын 20-сентябрында футбол боюнча Ак-Суу райондук мамлекеттик администрация башчысы-акимдин кубогу болуп өттү. Район боюнча жалпы 16 команда катышып, 1-орунга Ак-Суу, 2-орунга Бөрү -Баш, 3-орунга Ардагерлер, 4-орунга Ичке-Жергез командалары ээ болушту. Байге фондусу райондук мамлекеттик администрациядан каралган. Иш чарага район башчысы -аким К.А.Калдаралиев, башчынын орун басары Г.Суранчиева, райондук ардагерлер кеңешинин төрагасы Б.Асангазиев, Кыдыр Аке айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Кобонбаев катышты.
![]() |
![]() |
![]() |
![]() |
![]() |
![]() |
![]() |
||
![]() |
![]() |
![]() |