“Коопсуздук-2026” боюнча жыйын өттү.

“Коопсуздук-2026” биргелешкен командалык-штабдык жана мобилизациялык машыгуулардын алкагында Ак-Суу райондук мамлекеттик администрациясында жыйынтыктоочу жыйын болуп өттү.
Жыйында мекеме жетекчилери жана кызматкерлерине Ак-Суу райондук администрациясы тарабынан машыгуулардын жүрүшү, коюлган максаттардын аткарылышы жана жетишилген жыйынтыктар тууралуу кеңири маалымат берилди. Ошондой эле жарандык коргонуу, өзгөчө кырдаалдарга даярдык жана ыкчам аракет көрүү боюнча жүргүзүлгөн иштерге баа берилип, аны мындан ары жакшыртуу боюнча конкреттүү тапшырмалар коюлду.
Жыйындын жүрүшүндө тиешелүү кызматтардын өз ара аракеттенүүсүн күчөтүү, материалдык-техникалык базаны чыңдоо жана калктын коопсуздугун камсыздоо багытында сунуштар айтылды. Машыгуунун жыйынтыгында айрым кызматкерлердин ишмердүүлүгү өзгөчө белгиленип, аларга ыраазычылык билдирилди

Leave a Reply