Шайлоо системасындагы өзгөрүүлөр боюнча жыйын

Шайлоо системасына өзгөртүүлөр киргендигине байланыштуу 2025-жылдын 24-сентябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын өкүлү У.Жылкыбаевдын катышуусунда Ак-Суу райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким К.А.Калдаралиевдин жетекчилигинде жыйын болуп өттү. Жыйынга Ысык-Көл, Түп, Каракол, Ак-Суу АШКаларындагы атайын өкүлү, Ак-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы, системдик администратор, айыл өкмөт башчылары, орун-басарлары-жооптуу катчылар, жергиликтүү кенештердин төрагалары, жооптуу катчылары, квартал башчылар жана тиешелүү мекемелердин жетекчилери чакырылган. Жыйында “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына киргизилген өзгөртүүлөр боюнча маалымат берилди.

Leave a Reply