Ө.Ишенбеков атындагы бала бакчада кошумча тайпа ачылышы

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 10-майындагы №229-т тескемесин ишке ашыруу максатында Ак-Суу районунда 2025-жылдын 25-сентябрында Ак-Суу айылынын Ө.Ишенбеков атындагы бала бакчада 30 баланы камтыган кошумча 1 тайпа ишке кирди. Баса белгилей кетүүчү нерсе, 2024-жылы да 1-этап менен 2 бала бакчада 2ден тайпа ачылып, 90 бала кошумча камтылган. Бала бакчада тайпаларды ѳзгѳртүп түзүүдѳ керектүү эмерек, буюмдарын алуу Кыдыр Аке айыл ѳкмѳтү жана демөөрчүлөр тарабынан ишке ашты. Аткарылып жаткан иштер менен жеринде район башчысынын орун басары Г.Суранчиева, Кыдыр Аке айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Кобонбаев, жергиликтүү кеңештин төрагасы Б.Акунов таанышып чыгышты.

Leave a Reply